Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:06

Кыргызстан

Валерий Меладзе
Валерий Меладзе

60 жылдык юбилейине жана чыгармачылыгынын 30 жылдыгына карата Борбор Азияда турне менен жүргөн ырчы Валерий Меладзе 3-декабрда Бишкекте концерт коюуну пландаган. Концерттин кай жерде өтөрү чечиле элек болчу.

Ырчы 10-11-декабрда Астанада, 14-декабрда Ташкентте концерт койгон. Ал жакта билеттер мурда эле калбай калган, концерт аншлаг менен өткөнү белгилүү болду. Ал 18-декабрда өнөрүн Шанхайда тартуулай турганы айтылып жатат.

Валерий Меладзеге Кыргызстанда концерт коюуга уруксат берилбегени тууралуу орусиялык продюсер Павел Рудченко “Абзац” басылмасына мындай комментарий берген.

"Айрым өлкөлөр, тагыраагы Кыргызстан Орусия менен саясий чыңалууну каалабайт. Мамилени курчуткусу келбегендиктен сахнада саясий ураан чакырып жибере турган артисттерден оолак болгусу келет. Айрым инсандардын концертине караганда биздин өлкө менен мамилени сактагысы келет. Ошондуктан Меладзе, Моргенштерн сыяктуу артисттер өз иш-чараларын өткөрө албайт".

"Азаттык" Павел Рудченконун өзү менен байланышып, бул маалыматтын чын-бышыгын тактаганга аракет кылды. Ал Меладзенин продюсери эместигин белгилеп, өзүн орусиялык медиаменежер деп тааныштырды. "Абзац" басылмасынын журналисти MASH деген орусиялык басылмага таянып, Кыргызстанда Меладзенин концертине тыюу салынганы тууралуу комментарий сураганда ага жооп бергенин айтты:

“Мен эч качан Меладзенин продюсеримин деген эмесмин. Муну маалымат каражаттары өздөрү кошуп койгон. Негизи концертке тыюу салынганы тууралуу маалыматты мага "Абзацтын" журналисттери айткан. Мен айтылган маалыматты гана комментарийлегем. Меладзенин концерти эмнеге болбой калышы мүмкүн экенин гана айткам".

Ал эми артисттин өзүнүн чыгармачыл тобу менен байланышканыбызда алар: "Биз ботторду жана Валерийдин арты менен атын чыгаргысы келгендерди комментарийлебейбиз. Ал продюсер эмес", - деген жооп алдык.


Ал тапта Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги түшүндүрмө таратты. Мекеменин маалыматында ырчынын концертин уюштуруучулар быйыл жыл башында өтүнүч кат менен кайрылганы айтылат. Анын өз өлкөсүндөгү "репутациясын эске алып, иш-чарага даярдыкты токтото турууну сунуштаганын” кошумчалады.

“Уруксат берүү өтүнүчү менен "Тегин Арт" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Айдин Таласбекович Султанов 2025-жылдын январында кайрылган. Ага жооп катары биз тараптан учурда Меладзенин чыгармалары, жалпы эле анын репутациясы, тексттери, баары каралып жатат деген негизде иш-чараны өткөрүүгө даярдыкты токтотуп туруу сунушталган да. Андан кийин булар кайрылган жок. Жылдын башында беришкен. Ошого жылдын аягында кайра кайрылышы керек болчу. Мисалы, башка бир казакстандык "Кисло-Сладкий" деген ырчы бар экен. Ал 12-декабрда түнкү клубдагы иш-чарага чакырылыптыр. Териштирип чыгып, анын Казакстанда репутациясын карап, маңзаттарды пропагандалоого байланыштуу нерселери болгону үчүн уюштуруучуларга аны концертке кошпоо боюнча сунуш берилген”.

Министрлик былтыр чет элдик чыгармачыл адамдардын концертин өткөрүү боюнча жобо бекитилгенин билдирди. Бул документке ылайык, чет элдик ырчынын концертин уюштургандар министрликке өтүнүч менен кайрылып, тиешелүү документтерди бериши керек.

“Кыргыз коомчулугунда чет элдик артисттерге байланыштуу маселе резонанстуу же күтүүсүз болуп кетип жатпайбы. Министрликтин буйругу менен былтыр 24-декабрда атайын жобо иштелип чыккан. Ошол концертти, иш-чараны ким уюштуруп жаткан болсо, өтүнүч каты керек. Андан сырткары ошол артист боюнча маалымат, анын өмүр баяны, чыгармачылыгы, программасы, ырлардын тексттери кошо тиркелип алып келинет. Ар кандай учурлар болушу мүмкүн, улуттар аралык кастыкка, же болбосо жаман жоруктарга пропаганда... Баңгизатка чакырып калышы мүмкүн. Ушунун баарын сурайбыз”, - дейт Маданият министрлигинин өкүлү Акжол Доранбек уулу.

Саясат таануучу Эмил Жороев коомчулукта күдүк ой жаралбашы үчүн кыргыз өкмөтү чет элдик артисттерди, конокторду тандоо критерийлерин эбак эле ачык жарыялашы керек болчу деп эсептейт.

Эмил Жороев
Эмил Жороев

“Биздин өкмөт түшүнүктүү коммуникация жүргүзүп, маалымат бериши керек. Ошондо ар кандай айың кептерге себеп болмок эмес. Бирок соңку кырдаалды, Орусиянын бул жердеги маалыматтык катышын эске алганда, балким бийликтер ортосунда кызматташтык тууралуу бир макулдашуулар болгонбу деген ой келет. Эгер ошондой болсо бул өкүнүчтүү. Анткени согуш башталганда эле Кыргызстан расмий нейтралдуу позицияда экенин билдирген".

60 жаштагы Валерий Меладзенин теги грузин. Совет доорунда Батумиде туулуп-өсүп, Грузияда алгачкы музыкалык билим алган. Кийин окуусун Орусияда уланткан. Анын таланты, ырлары Орусия эле эмес, КМШ, Балкан чөлкөмүнө чейин белгилүү болгон. Орусиянын Эмгек сиңирген артисти, Чеченстандын Эл артисти наамдарын алган.

Орусиянын Украинага согуш ачканын сындаган маданият өкүлдөрүнүн бири. Анын мындай көз карашына байланыштуу укук коргоо органдарына даттангандар да болгон. 2022-жылы Орусия Украинага негизсиз басып киргенден кийин Меладзе үй-бүлөсү менен Испанияга чыгып кеткен. Бийликти сындагандан кийин Орусиядагы концерттерин токтоткон. Бирок Түркия, Дубай, Европада талантын тартуулап жүрөт.


Негизи АКШ менен Батыштын санкциясына кабылгандан кийин орусиялык ырчы-чоорчулардын башка мамлекеттерге гастролдук сапарлары да чектелген. Мындан улам алар Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстана көбүрөөк келип жатышат.

2023-жылы август айында согушту жактаган орусиялык ырчы Григорий Лепстин Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда өтчү концерттери элдин каршылыгынан улам токтотулган.

Ошол эле жылы орусиялык рэпер Алишер Моргенштерн Бишкекке келет деген кабар кыргыз коомчулугунда талыш-тартыш жараткан. Анын жүрүм-турумуна каршы болгондор нааразылыгын билдирип, анын музыкалык кароо-сынакка катышуусуна тыюу салынган.

"Жан дүйнөм чарчаганда комуз чертем". Ала-Тоодогу жапондор
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:29 0:00

Кыргызстанга ар кандай тагдыр менен келип, жашап калган жапондордун саны 100 чамалуу. Алардын көбү эл аралык JIKA уюмунда иштеп, ошол аркылуу келип калышкан. Арасында кыргызга келин болгон жапон кыздары да бар. Көпчүлүгү кыргызча эркин сүйлөп, комузду шаңкылдата чертишет. “Данисте” бул жолу Бишкекте жашаган жапондор тууралуу айтып берет.

Дагы жүктөңүз

 

XS
SM
MD
LG