Кыргызстанга ар кандай тагдыр менен келип, жашап калган жапондордун саны 100 чамалуу. Арасында кыргызга келин болгон жапон кыздары да бар. Көпчүлүгү кыргызча эркин сүйлөп, комузду шаңкылдата чертишет. “Данисте” бул жолу Бишкекте жашаган жапондор тууралуу айтып берет.
Китептин таанытымы 13-декабрда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өттү. Ага Алым Токтомушевдин замандаштары, бир кездеги кесиптештери жана анын талантын сыйлаган окурмандары катышты.
XX кылымдын соңу постсоветтик өлкөлөрдүн тарыхындагы өзгөчө доор болуп калды.
Манасчы Асанаалы Калил уулунун белгисиз бирөө менен видео байланыш аркылуу сүйлөшүп жатканы 10-декабрда социалдык тармакка тарап кетти.
Тарыхчы, изилдөөчүлөр кыргыз элинин тарыхындагы трагедиялуу окуя - Үркүндү эскерип туруу маанилүү экенин жана мында кооптончу жагдайлар жоктугун белгилешет.
Академик, адабий сынчы, коомдук ишкер Абдыганы Эркебаевдин “Бар бол, Адабият!” аттуу китеби жарык көрдү. Анда эгемендик жылдарда жазылган чыгармалар талданган. Китеп акыркы жылдардагы кыргыз адабияты, анын өнүгүшү жана мүчүлүштүктөрү тууралуу ой толгоого жем таштады.
Бир кезде “Кыргыз керемети” аталып, көрүнүктүү кинорежиссерлордун мыкты тасмалары менен атагы чыккан кыргыз киносунун бүгүнкү абалы кандай? Технология өнүгүп, киноиндустрия чоң бизнеске айланган чакта кандай тасмалар жаралууда? Кино искусство катары кандай өнүгүүдө?
Кең жайкын талаадагы поюздар токтоп өтчү бекетте иштегендер жолоочулар жайында кеп кылууну жакшы көрчү. Адам тагдыры, ариет, ар-намысы мындайда унут калып, аныгы менен апыртмасы аралашып кеткен апыртма сөздүн күнү тууйт.
Кыргызстан Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн белгилеп жатат.
Акча табуунун азгырыгына кабылган келин үй-бүлөсүн таштап башканын этегин кармап кеткен. Аял өзү каалагандай күн кечирип жүргөн учурлардын биринде оор кырсыкка кабылып, жарымжан болуп калат.
Эгемендиктин алгачкы жылдары абройлуу коомдук уюм катары таанылган “Руханият” ассоциациясы он жылдыктын тыныгуудан кийин кайрадан жанданды.
Дагы жүктөңүз