Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:55

ИИМ жапырт башаламандыкка шектелип дагы бир киши кармалганын билдирди


Ички иштер министрлиги массалык баш аламандыктарга чакырык жасоого шектүү жаран кармалганын билдирди. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык баш аламандыктар) боюнча кылмыш иши козголуп, тергелүүдө. Анын алкагында Бишкек шаарында мамлекеттик саясатка макул эместигин билдирип, үгүт иштерин жүргүзүү аркылуу массалык баш аламандыктарга чакырыктарды уюштурууга багытталган аракеттерди жасагандыгы аныкталганы жазылган.

ИИМ тергөөнүн жүрүшүндө шектүү катары 1971-жылы туулган Дж.М. аттуу жаран кармалып, үйүндө тинтүү болуп, беш уюлдук телефон, чет өлкөлүк номурлар, араб тилиндеги китептер жана эки рация алынганын кошумчалады. Кармалган кишинин тек-жайы тууралуу маалымат берген жок.

Маалыматка караганда, шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Биринчи май райондук соту 13-декабрда анын бөгөт чарасын карап, 5-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Министрлик маалымат менен кошо таратылып алынган тасманы жарыялады. Анда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов менен шектүүнүн унаанын ичинде сүйлөшүүсү экени айтылган. Анда “эл арасында нааразылык күчөгөнү” жана "шайлоо маалындагы процесстер" тууралуу сөз болгон.

Кармалган жарандын жана тасмада аты жазылган Шайлообек Атазовдун жакындары ИИМдин маалыматы тууралуу үн ката элек.

Ички иштер министрлиги 22-ноябрда “бийликти басып алуу” жана “массалык башаламандыкка” айыптап, он кишини кармаганын билдирген. Камакка алынгандардын жетөө “массалык башалмандыкка” шектелип жатат жана алардын бири Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов болгон.

Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевге жана саясатчы, экс-депутат Кубанычбек Кадыровго Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси – “Бийликти күч менен басып алуу” менен айып тагылганы маалым болгон.

Кармалгандардын жакындары аларга коюлган кинени четке кагышкан.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG