Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:40

Берлин: Украина - АКШ делегацияларынын сүйлөшүүсү аяктады


Берлиндеги сүйлөшүүлөргө катышып жаткан Украина менен АКШнын делегациялары. 14-декабрь, 2025-жыл.
Берлиндеги сүйлөшүүлөргө катышып жаткан Украина менен АКШнын делегациялары. 14-декабрь, 2025-жыл.

15-декабрда Берлинде Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлапмасы жыйынтыкталды. Украин тараптан сүйлөшүүлөргө президент Владимир Зеленский, Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Рустем Умеров жана башка жогорку даражалуу өкүлдөр катышты. АКШ тараптан Ак үйдүн атайын чабарманы Стив Уиткофф жана президент Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер отурду. Сүйлөшүүнүн жыйынтыктары азырынча жарыялана элек.

Украин президенти андан соң Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмаер менен жолугушту. Ушул эле күнү кечинде Зеленскийдин Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн, Британиянын лидерлери, Еврокомиссиянын, Еврокеңештин жана НАТОнун өкүлдөрү менен да жолугушуусу пландалган.

14-декабрда Берлинде Зеленский башында турган украин делегациясы Вашингтондун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү баштаган. Беш сааттан ашык созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында "олуттуу прогресске жетишилгенин" Уиткофф билдирген.

WSJ басылмасынын маалыматына ылайык, тараптардын ортосунда "олуттуу пикир келишпестиктер" бар. Айрыкча Донбасс аймагын көзөмөлдөө маселеси негизги талаш бойдон калууда.

Reuters жана Financial Times өз булактарына таянып, Украина коопсуздук үчүн кепилдиктер берилсе НАТОго мүчө болуудан баш тартууга даяр.

Акыркы апталарда АКШ Москва менен Киевдин ортосунда тынчтык келишимине жетишүү аракеттерин кайрадан күчөттү.

Шерине

XS
SM
MD
LG