Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Украина Новороссийк портунда орусиялык суу астынан жүрүүчү кемеге сокку урганын билдирди


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Украинанын Коопсуздук кызматы Орусиянын 636.3 классындагы “Варшавянка” суу алдында жүрүүчү кемесин Новороссийск портунда жок кылганын билдирди. Кемеге суу алдынан дрон менен сокку урулганы жана техника оор зыян тартып, колдонуудан чыкканы айтылды.

Мекеменин маалыматына ылайык, кеменин ичинде Орусия Украинага чабуул коё турган төрт даана “Калибр” канаттуу ракеталары болгон.

Билдирүүдө бул кеме мурда аннексияланган Крымдын аймагындагы Севастополдо турганы, кийин “суу алдында ийгиликтүү жүзөгө ашырыглган дрон соккуларынан улам” аны Новороссийскиге которушканы айтылат.

Орусиянын Кара деңиз флотунун басма сөз кызматы украиналык деңиз дрондору Новороссийск аскердик-деңиз базасына сокку урганын ырастап, кеме толугу менен иштен чыкканы тууралуу маалыматты төгүндөдү.

“Кара деңиз флотундагы Новороссийк аскердик-деңиз базасындагы бир дагы кеме жана экипаж кол салуудан жабыркаган жок, кызмат штаттык режимде уланууда”, - деп билдирди флоттун басма сөз кызматынын башчысы Алексей Рулев.

Украиналык маалымат каражаттары украин Коопсуздук кызматындагы булактарына таянып жазгандай, аскерлер Корчагин кениндеги мунай өндүрүүчү жайга дрондон сокку урган. Бул жай “Лукойл-Нижневолжскнефть” компаниясына таандык. Кол салуунун натыйжасында объекттин иши үчүн өзгөчө маанилүү жабдуулар жабыркап, өндүрүш процесстери токтоп калганы айтылууда.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG