Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл аймагында үч бала көмүр исине ууланып каза болгону белгилүү болду.
Ош облустук милициясынын маалыматына ылайык, окуя 10-декабрда болгон.
Алты, үч жана бир жаштагы бир туугандардын өмүрү кыйылган. Алардын 27 жаштагы апасы сегиз жаштагы кызы менен ооруканага түшкөн.
Бул факты Кара-Суу райондук милициясында каттоо алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Кыргызстанда кыш мезгилинде иске ууланган учурлар утур-утур катталып турат. Быйыл апрелде Чоң-Алай районунда бала бакчанын отканасында 40 жаштагы киши 14 жаштагы уулу менен ушундай жагдайда каза болгон.