Бишкекте Эркиндик бульварында турак жайдан өрт чыкты

Өрт чалган турак жай.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 9-декабрда Бишкек шаарынын Эркиндик бульварында жайгашкан турак жайдан өрт чыкканын билдирди.

Өрттү өчүрүүгө саат 08:33тө Свердлов райондук №3 өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынан бир, саат 08:47де дагы бир бөлүм тартылган. Министрлик жабыркагандардын бар-жогу тууралуу маалымат бере элек.

Социалдык тармактарда тараган видео-сүрөттөрдө “3 бөлмө” (ред: 3 комнаты) деген аталыштагы кафе күйүп жатканын көрүүгө болот.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2024-жылы 3 148 өрт кырсыгы катталып, андан 47 адам каза болгон, алардын ичинен жетөө балдар. 2023-жылы баш-аягы 3 498 өрт кырсыгы катталып, 35 адам каза таап, 31 киши жаракат алган. (BTo)

Дагы караңыз

Боршайком Жылдызкан Жолдошова менен Ыргал Кадыралиеваны депутат катары каттаган жокИзраил менен ХАМАС согушту токтотуу боюнча келишимдин экинчи баскычына өтөтЕвробиримдик башпаанек берүү тартибин катаалдаштыратТашиев ЦУМдун жанында жолго чыгып кеткен курулуштарды алууну тапшырды